• 85.2
  • 93.37
  • 0.88

Бишкекте кармашып урушуу боюнча Ички иштер министрлигинин кубогу өтөт

Спорт 0

Бишкек, 10.10.24. /Кабар/. 13-14-октябрь күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда кармашып урушуу боюнча Кыргыз милициясынын 100 жылдыгына арналган Ички иштер министрлигинин кубогу өтөт.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдешке Кыргызстандын бардык аймактарынан келген спортчулар катышат.

Катышуучулар 57, 62, 67, 73, 80, 88, 97 жана +97 кг салмак категорияларында күч сынашат.

Мелдештин программасы:

  • башталышы: 13-октябрь, саат 9:00;
  • салтанаттуу ачылыш аземи: 13-октябрь, саат 13:00;
  • финалдык беттештер: 14-октябрь, саат 9:00.

Эске салсак, мелдеш Дене тарбия жана спорт департаментинин алдындагы спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясы, Ички иштер министрлиги жана Кармашып урушуу федерациясы тарабынан уюштурулууда.

Пикир

Оставить комментарий