• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте каржы пирамидасын уюштурууга шектүү кыздар кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 02.03.24. /Кабар/. Бишкек шаарында милиция кызматкерлери тарабынан каржы пирамидасын уюштуруу боюнча шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Биринчи май РИИБге О.А. аттуу жаран "Chargefast” (тез заряд) компаниясынын ээлерине карата чара көрүп берүү арызы менен кайрылган. Алар акчаны эки эсе көбөйтүү шылтоосу менен ишенимге кирип, алдамчылык жолу менен 400 миң сом суммадагы акча каражатын ээлеп алышкан. Андан кийин убадасын аткарбай, жүргөн жерин жашырышкан.

Аталган факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин "Финансы пирамидаларын уюштуруу" беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынын аймагында Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБнын ыкчам кызматкерлери тарабынан 1991-жылы туулган Н.Н. жана 1995-жылы туулган А.С. аттуу шектүүлөр аныкталып, кармалган. Тергөө кызматына жеткирилип, Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Мындан тышкары, Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБге 50дөн ашуун жаран арызы менен кайрылган. Азыркы учурда алардын ушул сыяктуу кылмыш фактыларын жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталууда.

"Эгерде сиз кара ниет адамдардын кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткан болсоңуз же кандайдыр бир маалыматка ээ болсоңуз, төмөнкү телефон номурлары аркылуу билдирүүңүздөрдү суранабыз: 0(508) 11-11-12 жана 102", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий