Бишкек, 07.10.21. /Кабар/. Бишкекте кээ бир кичи автобустардын каттамдары пландалган чыгуудан көбөйтүлдү.
Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, күндүн кескин суукташына жана жүргүнчүлөрдүн санынын көбөйүшүнө байланыштуу, шаардык транспорт башкармалыгы каттамдарды узартууну жана мүмкүн болушунча кыймылдуу курамдын санын көбөйтүүнү чечти.
"Күн сайын шаардыктар коомдук транспорттун аралыгынын узактыгына жана кичи автобустардын токтобогондугуна арызданып келишет. Борбор шаардын транспорт ишканаларынын жетекчилерине маршруттук каттамдардын бирдиктерин көбөйтүү же автобустардын каттамдарын узартуу боюнча сунуш киргизүү тапшырылды", - деп айтылат билдирүүдө.
Мэриянын маалыматына таянсак, бир нече ташуучу компаниялар пландаштырылган чыгууну көбөйттү. №120, 195, 200 жана 106 маршруттар боюнча транспорттун саны көбөйтүлдү.
Пикир
Оставить комментарий