Бишкекте Керченский чолок көчөсү оңдоо үчүн жабылат

Коом 0

Бишкек, 05.07.23. /Кабар/. Бишкектин Керченский чолок көчөсү Элебесов көчөсүнөн Дача-Керченская конушуна чейин капиталдык ремонтко жабылат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда аталган көчөдө ирригациялык системаны орнотуу иштери башталды. Андан соң жолдун кыртышын тегиздөө башталат.

"Жолдун узундугу 720 погондук метр, туурасы 5,5 метр, жөө адамдар үчүн жол тилкеси 1,5 метрди түзөт", - деп белгилешти мэриядан.

Пикир

Оставить комментарий