Бишкек, 19.12.24. /Кабар/. Республикалык илимий-методикалык борбор Казакстандын "Talap" коммерциялык эмес акционердик коому менен биргеликте "Социалдык өнөктөштүк аркылуу кесиптик билим берүүнүн сапатын камсыз кылуу" аттуу практикалык семинар өткөрдү.
Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, иш-чаранын максаты – эмгек рыногунун талаптарына жооп берген кадрларды даярдоо боюнча тажрыйба алмашуу, ошондой эле WorldSkills International сыяктуу эл аралык демилгелерди илгерилетүү.
Программанын алкагында билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, социалдык өнөктөштүк жана дуалдык билим берүүнү өнүктүрүү боюнча презентациялар болуп өттү.
Семинардын жүрүшүндө катышуучулар Бишкектеги окуу жайларын көрүп, Кыргызстандагы кесиптик лицейлер менен Казакстандын колледждери ортосунда кызматташтык боюнча меморандумдарга кол коюшту.
Семинар Кыргызстан менен Казакстандын кесиптик билим берүүнү модернизациялоо жана студенттердин компетенцияларын өнүктүрүү тармагындагы өнөктөштүктү бекемдөөгө жана тажрыйба алмашууга маанилүү аянтча болду.
Пикир
Оставить комментарий