• 86.8
  • 91.17
  • 0.82

Бишкекте кичи футбол боюнча республикалык “Мурас” турнири өттү

Спорт 0

Бишкек, 04.11.24. /Кабар/. Бишкекте жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана муниципалдык кызматкерлердин арасында кичи футбол боюнча республикалык “Мурас” турнири өттү.

Турнир Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан уюштурулган.

Агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев белгилегендей, мамлекет башчысы футболду өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп, өзү да спорттук иш-чараларга катышып, үлгү көрсөтүп жатат.

“Сергек жашоого умтулгандар көбөйүп, район-облустарда ушундай турнирлер өткөрүлүп, ага жаштар, кыздар жана балдар, аялдар, улуу муундун өкүлдөрү катышып жатканы мени кубандырат. Биз жарандар болобу, мамлекеттик кызматкерлер болобу, сергек жашоого умтулабыз”, - деди Базарбаев.

Турнирге республика боюнча мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын жетекчилеринен турган беш облустан жети команда катышты.

Биринчи орунга Ысык-Көл облусунун, экинчи орунга Бишкек шаарынын, үчүнчү орунга Талас шаарынын командалары ээ болушту.

Жеңүүчүлөргө кубок, медаль жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий