Бишкек, 24.04.23. /Кабар/. Бишкекте китеп күнү белгиленди.
Муниципалитеттен билдиришкендей, 23-апрелде белгиленүүчү Китеп күнүнө карата№31 жана №57 мектептердин окуучулары Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканага жана Ж.Турусбеков атындагы №2 шаардык китепканага барышты.
Иш-чара окуучулардын китепке болгон сүйүүсүн ойготуу, заманбап китепкана технологияларынын жардамы менен окурмандардын кызыгуусун өнүктүрүү, китепкананын ички системасы менен тааныштыруу максатында уюштурулду.
Пикир
Оставить комментарий