• 87.45
  • 90.89
  • 0.89

Бишкекте климаттын өзгөрүүсүнө багытталган концепциянын долбоору талкууланды

Коом 0

Бишкек, 06.11.24. /Кабар/. Суу ресурстары кызматынын директору Алмазбек Сокеев Жашыл климаттык фондунун өкүлдөрү, фонддун аймактык менеджери Максим Сурков жана фонддун директорунун орун басары Кундуз Масылканова менен жолугушту.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен билдиришкендей, жолугушууда климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу көйгөйлөрдү чечүүгө жана анын кесепеттерине, атап айтканда суу ресурстарын жана айыл чарба тармагын башкарууга ыңгайлашууга багытталган жаңы долбоордун концепциясы талкууланды. Катышуучулар долбоордун негизги милдеттерин жана максаттарын белгилешти.

Тараптар климаттын өзгөрүшүнүн кургакчылык, мөңгүлөрдүн азайышы жана жаан-чачын режиминин өзгөрүшү сыяктуу терс таасирин тийгизип жаткан суу ресурстарын башкаруудагы көйгөйлөрдү карашты. Буга чейин ушундай долбоорлорду ишке ашырган жана климаттык тобокелдиктерге туруктуулугун жакшырта алган башка өлкөлөрдүн ийгиликтүү мисалдары келтирилди.

Жолугушуунун жыйынтыгында KOICA үчүн долбоордук табыштаманы даярдоого багытталган иш-аракеттердин алдын ала планы иштелип чыкты.

Пикир

Оставить комментарий