• 84.24
  • 93.53
  • 0.91

Бишкекте КМШ жаштарынын Дельфи оюндары расмий ачылды

Спорт 0

Бишкек, 01.10.24. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине кирген мамлекеттердин жаштарынын Дельфи оюндары салтанаттуу ачылды.

Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, КР Дельфи комитетинин төрагасы Анарбек Ибраев жана Эл аралык Дельфи комитетинин директору Владимир Понявин сөз сүйлөп, оюндардын маани- маңызы жана аны өткөрүүнүн максаттуулугуна токтолушту.

Салтанаттуу иш-чарада Дельфи оюндарынын уюштуруучуларына, катышуучуларына жана конокторуна КР президенти Садыр Жапаровдун жана Россия президенти Владимир Путиндин куттукттоолору окулуп, анда Дельфы оюндары Шериктештик мейкиндигинде кеңири таанылганын, масштабдуу долбоор жаштарга искусстводо өз жолун табууга, чыгармачылыкты өнүктүрүүгө, эл аралык деңгээлде өзүн көрсөтүүгө жана абройлуу чеберлердин баасын алууга жардам бере турган аянтча экениндиги тууралуу баса белгиленди.

Андан соң салтанаттуу иш- чара атайын даярдалган концерттик программа менен уланып, көрүүчүлөргө майрамдык маанай тартууланды.

Белгилей кетсек, Дельфи оюндары Бишкек шаардык мэриясынын Маданият башкармалыгы, КР Дельфи комитети КМШнын Аткаруу комитетинин жана мүчө мамлекеттердин Парламенттер аралык ассамблеясынын колдоосу менен, ошондой эле Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын жардамы менен өткөрүлүүдө.

Сынакка 7 жаштан 17жашка чейинки, Шериктештик өлкөлөрүнүн өкүлдөрү катышып, фортепиано, скрипка, классикалык гитара, көркөм сүрөт искусствосу, эстрадалык ырдоо, элдик бий, элдик ыр, ди-джей номинациялары боюнча сынактар болот.

Пикир

Оставить комментарий