• 87.7
  • 95.07
  • 0.97

Бишкекте кол өнөрчүлөрдүн эл аралык көргөзмөсү өтөт

Маданият 0

Бишкек, 11.05.24. /Кабар/. Бишкекте “Эбегейсиз ушул күндө, этникалык кыргыз дүйнө” аттуу кол өнөрчүлөрдүн эл аралык көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлигине караштуу Улуттук маданий борбордон билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, кол өнөрчүлөрдүн башын бириктирген көргөзмө 16-18-майда Улуттук тарых музейинде өтөт.

Көргөзмө кыргыз элинин улуттук баалуулуктарынын бири болгон кол өнөрчүлүктү сактоо, кол өнөрчүлөргө шык берүү жана колдоо көрсөтүү, чеберледи коомчулукка жана эл аралык деңгээлге алып чыгуу максатын көздөйт.

Иш-чарага чет элдик кол өнөрчүлөрдүн катышуусу да күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, көргөзмө “Аталар Изи” коомдук фонду тарабынан Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин жана Улуттук маданий борбордун колдоосу менен уюштурулууда.

Пикир

Оставить комментарий