• 84.24
  • 94.05
  • 0.91

Бишкекте коомдук транспорт текшерилүүдө

Коом 0

Бишкек, 13.09.24. /Кабар/. Бишкекте троллейбустарды жана автобустарды текшерүү боюнча рейд жүрүүдө.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин кызматкерлери Бишкек шаардык транспорт муниципалдык ишканасынын өкүлдөрү менен биргеликте коомдук транспорттун айдоочуларынын арасында рейд өткөрүп жатат.

Анда адистер санитардык нормалардын сакталышын, транспорттун техникалык абалын, айдоочулар үчүн жарактуу талондордун бар-жогун, ошондой эле төлөм ыкмаларын, анын ичинде QR-код аркылуу төлөмдөрдү текшеришет.

Мындан тышкары, окуу жылынын башталышына байланыштуу жол кыймылынын интервалдары жана жүргүнчүлөрдү ташуу көзөмөлгө алынууда.

Пикир

Оставить комментарий