Бишкекте коомдук транспорттордун соңку аялдамаларына кан басымды өлчөөчү аппараттар орнотулууда

Коом 0

Бишкек, 21.06.24. /Кабар/. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын демилгеси менен Бишкекте коомдук транспорттордун соңку аялдамаларына жарандардын кан басымын өлчөөчү электрондук аппараттар орнотулууда.

Башкармалыктан маалымдашкандай, мындай демилге айдоочулардын жана жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо максатын көздөйт.

"Анткени, күндүн ысыгынан айрым айдоочулардын жана жүргүнчүлөрдүн кан басымы көтөрүлүп, шалдыроо, чарчоо өңдүү ден соолугу начарлаган учурлар кездешүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Белгленгендей, ошол себептен коомдук транспорттордун фирмаларынын жетекчилери менен көчмө жыйын уюштурулуп, машруттук унаалардын соңку аялдамаларына жана күйүүчү май куюучу жайларга кан басымды өлчөөчү электрондук аппараттарды орноштуруу тапшырмалары коюулду.

ЖКККББ мындай кан басымды өлчөөчү аппараттард өлкөнүн баардык аймактарында маршруттук унаалардын соңку аялдамаларына орнотууну пландап жатат.

Пикир

Оставить комментарий