• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Бишкекте коомдук унаанын катышуусунда жол кырсыгы болду

Кырсык 0

Бишкек, 13.03.19. /Кабар/. Бүгүн эртең менен Бишкекте маршруттук унаанын катышуусу менен жол кырсыгы болгон. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине окуянын күбөлөрү билдиришти.

Алардын айтымында, Байтик Баатыр көчөсүнүн Скрябин менен Медеров көчөлөрүнүн ортосундагы тилкеде жеңил унаа менен ичинде жүргүнчүлөрү бар коомдук унаа кагылышкан. Жол кырсыгына учураган эки унаа карама-каршы тилкеде туруп, калган унаалардын жолун тосуп калган.

Жаракат алгандар тууралуу айтылган жок.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы жол кырсыгы болгонун ырасташты.

Пикир

Оставить комментарий