• 87
  • 90.41
  • 0.84

Бишкекте коронавирусту эң көп жуктургандар Жал жана 12-кичирайонунда катталды - Кузнецова

COVID - 19 0

Бишкек, 12.06.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Бишкекте коронавирусту эң көп жуктургандар Жал жана 12-кичирайонунда катталды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын вице-мэри Татьяна Кузнецова өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымында, Бишкекте коронавирус жуктургандардын ичинен 63ү өздөрү медициналык мекемеге кайрылган. Ал эми 34 учурдун илдетти кайсы жерден жуктуруп алганы белгисиз бойдон калууда.

"Илдетке кабылган 162 жаран 25 калктуу конуштун тургундары. Ал эми шаардын борбордук бөлүгүндө коронавирусту эң көп Жалда - 15, 12-кичирайонунда - 15, Аламедин-1де - 5, Фучикте 6 адам жуктурган", - дейт ал.

Вице-мэр белгилегендей, 12-июнга карата стационарларда 243 жаран дарыланууда. Бир бейтаптын абалы оор деп бааланууда. Орточо оор абалда 48 адам, 5 бейтапта оору жеңил түрдө өтүүдө.

"Шаар боюнча катталган 610 адам 1 миң 279 жаран менен байланыш түзгөн. Ошондой эле мобилдик топтор тарабынан 699 үй кыдырылып, жарандардан 1 миң 448 экспресс-тест алынган. Жалпы шаардагы 29 калктуу конуштардагы 129 миң тургун текшерилди", - деди Кузнецова.

Пикир

Оставить комментарий