Бишкекте КР Акыйкатчы институтунун ишмердигине арналган тегерек стол өттү

Коом 0

Бишкек, 04.02.22. /Кабар/. Бүгүн, 4-февралда Бишкекте "Калктын өз укуктары жөнүндө маалымдуулугу контекстиндеги КРнын Акыйкатчы институтунун ишмердиги жана Кыргызстандагы адам укуктарынын тутумдуу бузулууларын аныктоодо Акыйкатчынын ролу" аттуу тегерек стол өттү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Акыйкатчы институтунун жамааты, Жогорку Кеңештин, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

КР Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы Динара Ашимова Акыйкатчы институту тарабынан уюштурулган "Укук кербени" долбоорун жогору баалады. "Укук кербени" долбоору шайлоо алдында калктын бийликке болгон ишенимин арттырууга оң таасирин тийгизди. Системдүү мыйзам бузууларды аныктоо, кабинетте отуруп эмес, эл аралап иштөө учурдун талабы. Долбоордун жыйынтыгы менен таанышканыма кубанычта болдум. КР Акыйкатчы институту калк менен бийликтин ортосунда көпүрө болушу керек. Адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо жаатында кызматташууну күчөтүү зарыл. Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети да жарандардын укугун коргоо боюнча бардык жерде тынымсыз иш алып барат" , - деп белгиледи ал.

Акыйкатчынын орун басары Гүлнара Жамгырчиева катышып жаткандарга ыраазычылыгын билдирип, аталган иш-чара адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо ишине салым кошоорун белгиледи.

Евробиримдиктин КРдагы өкүлчүлүгүнүн өкүлү Косимо Ламберти Фосатти жана Евробиримдиктин «Кыргыз Республикасында мыйзам үстөмдүгү, 2-Баскыч» долбоорунун жетекчиси Стефанос Карекластар сөз сүйлөшүп, системалык мыйзам бузууларды аныктоодо Акыйкатчы институтун ролуна токтолушту.

Андан ары КР Акыйкатчы аппаратынын жетекчиси Аскат Азарбеков "Кыргызстанда адам укуктарынын сакталышынын индекси" деген темада баяндама жасады. Бул сурамжылоонун жыйынтыктары "Укук кербени" долбоорун демилгелөөгө негиз болгонуна токтолду. Долбоордун жүрүшүндө аныкталган укук бузууларды топтоштуруп, системага салууга "Адилет" укуктук клиникасынын эксперттери көмөк көрсөтүшкөнү белгиленди.

Азарбеков "Укук кербени" долбоорун ишке ашырууга, республика боюнча эл арасын кыдырууга финансылык колдоо көрсөткөнү үчүн эл аралык донорлорго ыраазычылык билдирилди.

Иш-чарада чыгып сүйлөгөн коомчулуктун өкүлдөрү "Укук кербени" долбоорунун оң таасирин жана аны улантуу зарылдыгын бир добуштан белгилешти.

Иш-чаранын жыйынтыгында тийиштүү резолюция кабыл алынды, ал КРнын министрлер кабинетине жөнөтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий