Бишкекте КР Эл жазуучусу Кайрат Иманалиевдин чыгармачылык кечеси өттү

Маданият 0

Бишкек, 21.02.24. /Кабар/. Күн мурун Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театрында КР Эл жазуучусу, эмгек сиңирген ишмер, Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты, драматург, коомдук жана мамлекеттик ишмер Кайрат Иманалиевдин чыгармачылык кечеси өттү.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, кече алгач жазуучунун калемине таандык "Атаке баатыр", "Курманжан датка", "Керэз", "Коркут", "Үмүт", "Актриса" жана башка спектаклдеринен турган атайын коюм менен башталды.

Коюм Т.Абдумомунов атындагы драма театрынын, Б.Кыдыкеева атындагы мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрынын, М.Рыскулов атындагы Нарын облустук музыкалуу драма театрынын, Бабур атындагы Ош-Өзбек академиялык музыкалуу драма театрынын, К.Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалуу драма театрынын ошондой эле, Казакстандын Астана жаштар театрынын, А.Мамбетов атындагы Казак мамлекеттик драма жана комедия театрынын, Азербайжан мамлекеттик драма театрынын, Өзбекстан мамлекеттик драма театрынын жана Каракалпакстан мамлекеттик драма театрынын артисттеринин аткаруусунда көрсөтүлдү.

Андан соң расмий бөлүк орун алып, мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу, Түрк маданияты жана мурасы фондунун президенти Актоты Раимкулова, Казакстан, Өзбекстан жана Россиядан келген расмий өкүлдөр сөз сүйлөп, эл жазуучусуна чыгармачылык ийгилик жана эргүү каалашты.

Анда Иманалиевдин жөнөкөй кызматкерден тарта жетекчилик кызматтарды аркалап, үзүрлүү эмгектенүү менен улуттук маданияттын, адабияттын, телерадио тармагынын өсүп-өнүгүшүнө зор салым кошконун, анын ичинен улуттук драматургиядагы өзгөчө салымын баса белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий