Бишкекте КР Куралдуу күчтөрүнүн түзүлгөндүгүнүн 32 жылдыгы белгиленди

Коом 0

Бишкек, 29.05.24. /Кабар/. Бүгүн, 29-майда Аскер интитутунун базасында КР Куралдуу күчтөрүнүн түзүлгөндүгүнүн 32 жылдыгына арналган салтанаттуу жыйын болуп өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлиги билдирет.

Иш-чарага Коргоо министрлигинин жетекчилиги, Куралдуу күчтөрүнүн ветерандары ошондой эле коргоо ведомствосунун өздүк курамы катышты.

Коргоо министри Бактыбек Бекболотов салтанаттуу иш-чаранын катышуучуларын жылуу куттуктады. "Акыркы жылдарда Кыргызстандын армиясы жакшы жагына олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар болууда. Техникалык жактан жабдууга, аскер кызматчыларынын күжүрмөндүүлүгүн жогорулатууга жана жаштарды аскердик-патриоттук тарбиялоону өнүктүрүүгө көбүрөөк көңүл бурулууда", - деди ал.

"Биздин армиябыз такай күжүрмөн даярдыкта болушу керек жана бул өсүү тынымсыз болушу керек. Бүгүнкү күнгө чейин көп иштер жасалды, бирок дагы көп нерсе жасалышы керек. Өлкөдө аскердик-өнөр жай комплекси пайда болуп жатат. Коргоо министрлигине заводдор берилип, бул багытта бир топ иштер аткарылып жатат, өзүбүздүн да пландарыбыз бар. Бул дагы Куралдуу күчтөрдүн өнүгүшүнө жаңы дем берет”, - деп белгиледи коргоо министри.

Иш-чаранын аягында кызматында ийгилик жараткан аскер кызматчылар КР Коргоо министрлигинин жетекчилигинин атынан ведомстволук медалдар жана грамоталар менен сыйланышты.

Салтанаттуу иш-чаранын соңунда катышуучуларга Коргоо министрлигинин Армиянын борбордук үйүнүн өздүк курамы тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланды.

Кошумча маалымат: 1992-жылдын май айында республиканын аймагында жайгашкан мурдагы Советтер Союзунун Куралдуу күчтөрүнүн бардык кошуундары, бөлүктөрү жана мекемелери улуттук юрисдикцияга алынып, ошону менен кыргыз армиясы түзүлгөн.

Көз карандысыздыкты алгандан бери Кыргызстандын армиясы жаш Кыргызстандын аймагындагы таланган, бүлүнгөн аскер бөлүктөрү, кошуундары жана мекемелеринен баштап, заманбап, мобилдүү жаңы аскер техника жана куралдар менен жабдылган, жетилген, Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгын жана аймактык бүтүндүгүн өз алдынча коргоого жөндөмдүү армия болуу жолун басып өттү.

Пикир

Оставить комментарий