Бишкекте КР ТИМдин 80 жылдык мааракесине карата көргөзмө ачылды

Коом 0

Бишкек, 18.03.24. /Кабар/. Бишкекте Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин 80 жылдык мааракесине карата көргөзмө ачылды.

Салтанаттуу иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев, КР ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаев, дипломатиялык кызматтын ардагерлери, дипломатиялык миссиянын жана эл аралык уюмдардын башчылары жана чакырылган коноктор катышты.

Эдил Байсалов өз сөзүндө министрлер кабинетинин жана президенттин администрациясынын атынан ардагерлерди жана дипломатиялык кызматтын кызматкерлерин куттуктады.

Ал ошондой эле тышкы саясий ведомствонун жалпы мамлекеттик актуалдуу маселелерди чечүүдөгү ролун белгиледи.

Өз кезегинде КР ТИМ башчысы министрликтин мамлекеттин түзүлүшүндөгү жана калыптанышындагы маанилүү ролун белгиледи.

"Бүгүнкү күндө биз көптөгөн трдүү дипломаттарды өстүрдүк жана улантуудабыз. Иш-чаранын максаты кыргыз дипломатиясынын тарыхый мурастары, баалуулуктары жана жетишкендиктери менен таанышуу. Андан тышкары, келечек муундарды бул маанилүү ишти улантууга үндө", - деп, министр учурда Кыргызстан 120 мамлекетте аккредитацияланганын жана дүйнөнүн ар кайсы бурчтарында 100дөн ашык өкүлчүлүктөрү бар экенин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий