Бишкек, 12.11.22. /Кабар/. Бишкекте кудуктан эркек кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, 30-35 жаштагы эркек кишинин (аты-жөнү такталууда) сөөгү Биринчи май районунун Садыгалиев көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн жанындагы кудуктун ичинен табылган.
Жерине 4 куткаруучу тартылып, сөөктү кудуктан чыгарышкан.
Пикир
Оставить комментарий