• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Бишкекте курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн 15 жаштагы кыздын сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 10.05.23. /Кабар/. 8-майда Бишкек шаарынын Токомбаев көчөсүндөгү курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн аймагынан 15 жаштагы кыздын сөөгү табылды.

“Кабар” агенттигине Октябрь райондук милициясынан билдиришкендей, окуя болгон жерге барган тергөө-ыкчам тобу тарабынан аталган факт тастыкталган.

Милиция кызматкерлери 2008-жылы туулган М.А. аттуу кыздын сөөгүн табышкан. Кароо жүргүзүүдө кыздын денесинде эч кандай зордук-зомбулуктун белгиси аныкталган эмес.

Аталган факт маалыматтарды каттоо журналына катталып, тергөөгө чейинки тешкерүү иштери башталды. Ошондой эле өлүмдүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Ошол эле учурда Чүй облустук милициясынан билдиришкендей, 8-майда саат 22.00дөр чамасында Чүй райондук милициясынын нөөмөт бөлүмүнө Чүйдөгү жетим жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдардын жатак мектебинин мугалими А.Р.К. кайрылып, мектептин 15 жаштагы М.А.Х. аттуу тарбиялануучусун табууга жардам көрсөтүүнү суранган. Кыз 6-майда мектептен чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий