• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте курулуш чарбада өрт чыгып, эркек киши тирүүлөй күйүп кеткен

Кырсык 0

Бишкек, 28.02.22. /Кабар/. Бишкекте курулуш чарбада өрт чыгып, эркек киши тирүүлөй күйүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Манас көчөсүндөгү жыгач устундуу шифер менен жабылган курулуш чарбанын чатыры толугу менен күйгөн. Өрттүн кесепетинен 49 жаштагы К.А. аттуу эркек кишинин күйүп калган сөөгү табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Өрттүн себеби такталууда.

Белгилей кетсек, сутка ичинде республиканын аймагында 15 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 17 бөлүм тартылган.

Пикир

Оставить комментарий