Бишкекте "Курулуш, Энергетика, Атайын техника жана Коопсуздук" көргөзмө форуму өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 26.04.22. /Кабар/. Бишкекте "Курулуш, Энергетика, Атайын техника жана Коопсуздук" эл аралык конгресс-көргөзмө форуму өтүүдө.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, форумга Октябрь районунун башчысы Азамат Дороев катышты.

Көргөзмөнүн алкагында коноктор атамекендик жана чет өлкөлүк өндүрүүчүлөрдүн продукциясы менен таанышып, товарларды базар баасынан төмөн баада сатып ала алышат.

Форум бирдиктүү аянтчада 4 эл аралык адистештирилген көргөзмөлөрдү бириктирет:

  • KyrgyzBuild –19-эл аралык атайын курулуш жана ички көргөзмө;
  • EnergyExpoKyrgyzstan - 12-эл аралык атайын энергетика жана жарык берүү көргөзмөсү;
  • KyrgyzComex 2022 - 7-эл аралык атайын жол куруу, атайын техникалар жана компоненттер көргөзмөсү;
  • SafetyExpoKyrgyzstan 2022 - 7-эл аралык атайын жол куруу, атайын техника жана компоненттер көргөзмөсү.

Көргөзмө 26-апрелден 28-апрелге чейин Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын базасында өтөт. Дареги: И.Ахунбаев көчөсү №97.

Пикир

Оставить комментарий