Бишкекте курулуш объектилеринин убактылуу тосмолору иретке келтирилди

Коом 0

Бишкек, 25.09.23./Кабар/. Бишкек шаарында курулуп жаткан объектилердин айланасындагы убактылуу тосмолордун эстетикалык көрүнүшүн иретке келтирүү иштери уланууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда төмөнкү даректерде жайгашкан курулуш ээлери тосмолордун иретке келтирди:

- Коперник көчөсү, 3 дарегинде курулуп жаткан турак жай;
- Курчатов көчөсүндөгү турак жай;
- Киев көчөсү, 128 дарегиндеги Караван соода борборунун кеңейтилиши;
- Узун Булак көчөсүндөгү 15 кабаттуу турак үй;
- Азия көчөсү, 12, 14 16 дарегиндеги «Аслан Строй» ЖЧКсы куруп жаткан көп кабаттуу үй;
- Абдрахманов көчөсүндөгү 4 кабаттуу үй, «Нифрит» ЖЧКсы;
- Жаш Гвардия бульвары, 83, 85 дарегинде курулуп жаткан турак жай;
- Жамгерчинов көчөсү, 291/1 дарегиндеги курулуп жаткан турак жай;
- Интергельпо көчөсү, 8/1 дарегинде курулуп жаткан турак жай;
- Манас көчөсү 201/2 дарегинде курулуп жаткан турак-жайлар.

Эске сала кетсек, буга чейин курулган объектилерге убактылуу тосмолорду иретке келтирүү зарылчылыгы тууралуу билдирүүлөр түшкөн.

Белгилей кетсек, Бишкек шаары боюнча мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөл башкармалыгы муниципалдык администрациялар менен биргеликте мындай мыйзам бузууларды аныктоо жана бөгөт коюу боюнча тынымсыз иш алып барууда.

Пикир

Оставить комментарий