• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Бишкекте курулушта каза болгон жарандын туугандарына 2,1 млн сом төлөнүп берилди

Коом 0

Бишкек, 22.01.25. / Кабар/. Бишкек шаарында курулуп жаткан имараттардын биринде жумушчу каза болду.

Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча кызматынан кабарлашкандай, “Р.К.” ишканасынын А.у.Б. аттуу кызматкеринин иш үстүндө каза болгондугу боюнча жүргүзүлгөн иликтөөнүн жыйынтыгы чыкты. Ага ылайык, жабырлануучунун бир туугандарына 2 млн 109 миң сом өлчөмүндө компенсация төлөнүп берилди.

Ошондой эле мыйзам бузганы үчүн тийиштүү кызмат адамдары жоопко тартылып, аларга 110 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Пикир

Оставить комментарий