• 86.8
  • 91.22
  • 0.82

Бишкекте кыргыз-беларусь өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйыны өтөт

Саясат 0

Бишкек, 14.11.24. /Кабар/. Кыргызстандын элчиси Эрбол Султанбаев Беларустун премьер-министринин орун басары Анатолий Сивак менен жолукту.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар ушул жылдын ноябрь айынын аягында Бишкекте өтө турган Соода-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-беларусь өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиясынын 12-жыйынына даярдыктын жүрүшүн талкуулашты.

Жыйындын күн тартибине Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы соода жүгүртүүнү кеңейтүү, өнөр жай кооперациясы, айыл чарба жана транспорт тармактарында кызматташуу, ошондой эле маданий-гуманитардык өз ара байланыш маселелери киргизилген.

Мындан тышкары, жолугушууда кыргыз-беларус өз ара кызматташуусунун келечеги жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий