• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Бишкекте Кыргыз энергетикасынын 90 жылдыгы белгиленүүдө

Коом 0

Бишкек, 23.12.24. /Кабар/. Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргыз энергетикасынын 90 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өтүүдө. Ага президент Садыр Жапаров катышты.

Мамлекет башчысы энергетиктерди майрамы менен куттуктап, энергетика өлкөнүн стратегиялык тармагы болуп саналарын белгиледи.

“Бул маанилүү тармактын өнүгүшү өлкө экономикасы, жарандардын жыргалчылыгы, бизнес жана коопсуздукка өз таасирин тийгизет. Биз дайыма суу Борбор Азияда Кыргызстандын башкы артыкчылыгы экендигин сыймыктануу менен айта алабыз. Анын жардамы менен биздин өлкө суу-энергетикалык ресурстарынын генератору катары эсептелинет”, - деди Садыр Жапаров.

Өз кезегинде энергетика министри Таалайбек Ибраев Кыргызстанда эски ГЭСтер модеринизациялоодон өтүп жатканын айтты.

“Биз жаңы ГЭСтерди курууну да пландап жатабыз. Бүгүнкү күндө Куланак ГЭСинин курулушу жүрүүдө, аны 2025-2026-жылдары пайдаланууга берүү мерчемделип жатат”, - деди министр.

Ошондой эле энергетика тармагынын ардагери Чоробай Акуновдун пикиринде, кыргыз энергетикасынын негизделиши 1934-жылдарга барып такалат, анда “КирГЭС” ишканасы жана “Фрунзе коммуналдык чарба” ишканалары ишин баштаган.

“Бүгүн биз 90 жылдык мааракебизди белгилеп жатабыз. Кыргызстанда биринчилерден болуп дизель электр станциялары пайда болуп, андан кийин чакан ГЭСтер курула баштаган. 1960-жылдардан баштап Үч-Коргон, Ат-Башы, Токтогул ГЭСтери курула баштаган. Кийинчерээк Шамалды-Сай, Таш-Көмүр ГЭСтери салынган. Ортодон дээрлик 30 жылдай тыныгуу болду. Бирок, акыркы үч жылда олуттуу өзгөрүүлөр болуп, кичи ГЭСтер курула баштады. Азыр Камбар-Ата-1 ГЭСин ишке киргизүүгө даярданып жатабыз”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий