• 84.55
  • 93.78
  • 0.94

Бишкекте кыргыз футболунун 100 жылдыгына арналган футбол боюнча достук оюну өтүүдө

Спорт 0

Бишкек, 17.12.21. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров башында турган Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын командасы бүгүн, 17-декабрда, кыргыз футболунун 100 жылдыгына арналган футбол боюнча достук оюнга катышууда.

Иш-чара Кыргыз футбол биримдигинин демилгеси менен уюштурулган.

Садыр Жапаров бүгүнкү турнирдин башкы максаттары кыргыз футболунун 100 жылдыгын белгилөө, ошондой эле ардагерлердин оюну аркылуу жаштардын көңүлүн спортко буруу экенин белгиледи. Бул өз кезегинде өлкөдөгү спортту өнүктүрүүгө жана сергек жашоо образын жайылтууга салым болот.

Президент Садыр Жапаров күчтүүлөр жеңишке жетишин каалап жана турнирдин катышуучуларын бири бирин аябай ойноого чакырды.

«Күчүбүздү, тажрыйбабызды көрсөтөлү. Башкысы, таза жана адилеттүү оюн болсун. Эң күчтүүлөрү жеңишке жетишсин”, - деп белгиледи Садыр Жапаров.

Футболдук турнирде 6 команда ойноодо: президенттин администрациясынын, ата-мекендик футболдун ардагерлеринин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, спорттук федерациялардын өкүлдөрүнүн, бизнес коомчулугунун жана маданият ишмерлеринин.

Пикир

Оставить комментарий