• 87
  • 90.63
  • 0.79

Бишкекте кыргыз-герман бизнес форуму өтүүдө

Экономика 0

Бишкек, 03.12.24. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Бишкекте бүгүн саламаттык сактоо тармагындагы кызматташтыкка багытталган кыргыз-герман бизнес форуму өтүүдө.

Иш-чарага КР Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев жана Германиянын алдыңкы 6 компаниясынын өкүлдөрү катышууда.

Бизнес форум биринчи кезекте кыргыз-герман ишкерлеринин саламаттык сактоо тармагындагы кызматташтыгын арттыруу максатында уюштурулган.

Форумдун негизги миссиясы – Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагын модернизациялоого көмөктөшүүгө кызыкдар немец компаниялары менен байланыш түзүү.

Белгилей кетсек, Германия Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагындагы эң маанилүү соода өнөктөштөрүнүн бири. Кыргызстанга медициналык жабдууларды жана медициналык технологияларды импорттоп келет.

Пикир

Оставить комментарий