• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Бишкекте кыргыз күрөшү боюнча президенттин кубогу жана II дүйнө чемпионаты башталды

Спорт 0

Бишкек, 22.08.24. /Кабар/. Бүгүн Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда КР президентинин кубогу жана II дүйнөлүк чемпионаты старт алды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлдигинен билдиришти.

Мелдештин салтанаттуу ачылыш аземине маданият министри Алтынбек Максутов, кыргыз күрөш боюнча федерациясынын өкүлдөрү жана күйөөрмандар катышты.

"Кыргыз эли өзүнүн үрп-адаты, каада-салты менен белгилүү. Кыргыз элининин байыртадан ойнолуп келе жаткан улуттук оюндарынын бири бул – кыргыз күрөшү. Канча кылымдар өтсө да, муундар алмашса да эзелтеден бери ойнолуп келген кыргыздын улуттук оюндары өзүнүн актуалдуулугун жоготкон жок. Кыргыз күрөшүн жогорку деңгээлге жеткирүүгө жана кеңири жайылтууга, таанытууга салым кошкондор бул сиздер – спортчулар, машыктыруучулар, калыстар, дене тарбия, спорт кызматкерлери жана жалпы улуттук оюндардын күйөрмандары. Учурдан пайдаланып ушундай улуттук оюнду келечек муунга өткөрүп берип келе жатканыңыздарга терең ыраазычылык билдиремин!

Мелдеш көптөн күткөн мелдештерден болуп, учурда 35 өлкөнүн 200дөн ашуун эң күчтүү балбандардын катышуусунда өтүүдө. Андыктан Дүйнөлүк Чемпионаттын катышуучуларына ийгилик каалап, мелдеште жогорку көрсөткүчтөргө жетүүсүнө тилектешмин.

Урматтуу балбандар, баарыңыздарга ак ниет, ымаласыз күрөш жана татыктуу жеңиш каалаймын!

Ар дайым биздин меймандос жерде сиздерди тосууга даярбыз. Бул мелдеште күчтүүлөр жеңсин!”, - деди министр.

Эске салсак, кыргыз күрөшү боюнча КР президентинин кубогу жана II дүйнөлүк чемпионаты 23-августка чейин уланат. Мелдешке 35 өлкөдөн келген 200дөн ашык спортчу катышууда. Жалпы байге фонду 1 млн сомду түзөт.

Пикир

Оставить комментарий