• 87
  • 90.41
  • 0.84

Бишкекте кыргыз-корей өкмөттөр аралык комиссиясынын отурумунун протоколуна кол коюлду

Экономика 0

Бишкек, 15.10.21. /Кабар/. Бүгүн, 15-октябрда Бишкекте экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-корей өкмөттөр аралык комиссиясынын 4-отурумунун протоколуна кол коюлду. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, отурумга кыргыз тараптан экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев, ал эми корей тараптан Корея Республикасынын тышкы иштер министринин экономикалык маселелер боюнча орун басары Ли Сонг Хо төрагалык кылды.

Жолугушуунун жүрүшүндө министр Амангелдиев тараптар күн тартибинин бардык маселелери боюнча, атап айтканда эки тараптуу соода-экономикалык мамилелерди, Корей эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA) аркылуу өз ара аракеттенүү, билим берүү тармагындагы кызматташуу, саламаттыкты сактоо, өнөр жай, айыл чарба, экология, санариптештирүү, эмгек миграциясын координациялоо, туризм жана башка бирдей маанилүү маселелер боюнча өз ара алгылыктуу чечимдерди кабыл алышканын белгиледи.

Ошондой эле ал кийинки жылы Кыргызстан менен Түштүк Кореянын ортосундагы мамилелердин түзүлгөнүнө 30 жыл толот, ага байланыштуу кыргыз тарап мааракелик датаны майрамдоонун алкагында 2022-жылы КР президенти Садыр Жапаровдун Түштүк Кореяга иш сапарын уюштурууга кызыкдар экени белгиленди.

“Ошондой эле “Борбор Азия – Корея Республикасы” кызматаштык форумунун алкагындагы кызматташтыкты белгилей кетүү зарыл. Ушуга байланыштуу үстүбүздөгү жылы 30-ноябрда өлкөлөрдүн ТИМ башчыларынын деңгээлинде Душанбеде өтө турган аталган форумдун 14-отурумунда аймактык күн тартибинин актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашууга мүмкүн болоруна үмүттөнөт”, - деди ал.

Мындан тышкары, отурумдун алкагында бир катар тармактар боюнча кызматташуу маселелери атап айтканда, айыл чарбасы, кыш мезгилинде жашылча-жемиштерди өстүрүү, экономика, инвестиция, эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосундагы байланышты бекемдөө, экологиялык таза продукцияларды экспорттоо-импорттоо, товар айландыруунун көлөмүн көбөйтүү, эки өлкөнүн борбор шаарлары ортосунда түз аба каттамдарын ачуу жана башкалар боюнча кызматташтыкты жолко коюу маселелери талкууланды.

Жалпысынан кыргыз-корей өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйыны достук жана өз ара түшүнүшүү маанайда өттү. Жолугушуунун жыйынтыгында протоколго кол коюлду.

Пикир

Оставить комментарий