• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

Бишкекте Кыргыз милициясынын 100 жылдыгына карата дубал сүрөт пайда болду

Коом 0


Бишкек, 23.10.24. /Кабар/. Бишкекте Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата көп кабаттуу үйдүн дубалына монументалдык сүрөт тартылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Монументалдык сүрөт Бишкек ШИИББнын жетекчилигинин демилгеси жана демөөрчүлөрдүн каржылык колдоосу менен Бөкөнбаев жана Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан көп кабаттуу үйдүн дубалына тартылды.

Мурал көркөм жана эстетикалык баалуулуктун терең мааниси бар идеяны камтыйт. Тактап айтканда, Кыргызстандын жогорку баалуулуктарына таандык адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоону символдоштурган азыркы, заманбап милициянын тартип сакчылары чагылдырылган. Бул сүрөт чоң мейкиндикти ээлейт, ал эми, имараттын бийиктиги 25 метрди түзөт.

Ошентип Бишкек милициясы көчө искусствосунун бир бөлүгү болуп калды, анткени дубалдагы сүрөттөр декоративдик элементтер катары гана кызмат кылбастан, өзүндө маанилүү маданий жана социалдык билдирүүлөрдү да алып жүрөт.

Белгилей кетсек, Бишкек шаары боюнча 10го жакын дубал арт-объектилери бар.

Пикир

Оставить комментарий