Бишкек, 22.11.24. /Чолпон Жумалиев - Кабар/. Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында президент Садыр Жапаровдун катышуусунда кыргыз прокуратурасынын 100 жылдыгы белгиленүүдө.
Президент өз сөзүндө прокуратура органдары мыйзам сакчысы, өлкөдө мыйзамдуулукту камсыздоодо прокуратуранын орду зор экендигин белгилеп, прокуратура тармагынын кызматкерлерин, ардагерлерин тарыхый маараке менен куттуктады.
Иш-чаранын жүрүшүндө көзөмөл органынын 100 жылдык тарыхы чагылдырылган видеотасма көрсөтүлүп, маданий концерттик программа уюштурулду.
Иш-чарага ошондой эле министрлер кабинетинин жетекчилиги, Жогорку Кеңештин депутаттары, прокуратура органдарынын ардагерлери жана кызматкерлери катышууда.
Пикир
Оставить комментарий