Бишкекте Кыргыз-Россия IT-форуму өттү

Коом 0

Бишкек, 09.09.22. /Кабар/. Бүгүн, 9-сентябрда Бишкекте Кыргыз-Россия IT-форуму болуп өттү. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Форумдун ишине Кыргызстандын санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Индира Шаршенова, Россиянын санариптик өнүктүрүү, байланыш жана массалык байланыштар министринин орун басары Бэлла Черкесова, Беларустун байланыш жана маалыматташтыруу министри Константин Шульган, Ельцин атындагы Кыргыз-Россия славян университетинин ректору Владимир Нифадьев жана башкалар катышты.

Форумдун жүрүшүндө санарип экономиканын шартындагы интеграция маселелери жана санариптештирүү шартындагы IT-кадрларды даярдоо маселелери боюнча бир катар тематикалык секциялар өткөрүлдү.

Ошондой эле “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын директору Асел Кененбаева жана “Түндүк” мамлекеттик мекемесинин директору Чыңгыз Аманатов баяндама жасады.

Форумдун алкагында “Инфоком” мамлекеттик ишканасы менен Кыргыз-Россия славян университетинин ортосунда билим берүүчү программаларды өнүктүрүү боюнча эки тараптуу макулдашууга кол коюлду.

Пикир

Оставить комментарий