• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Бишкекте Кыргыз-сауд ишкерлер кеңешинин жыйынында кызматташтык талкууланды

Экономика 0

Бишкек, 27.08.24. /Кабар/. Бишкекте Кыргыз-сауд ишкерлер кеңешинин жыйыны өттү. Бул тууралуу КР Соода-өнөр жай палатасынан билдиришти.

Жыйынга министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев, Кыргызстандын Сауд Арабиядагы элчиси Улукбек Марипов, Сауд-кыргыз ишкерлер кеңешинин төрагасы Ахмед Аль-Дахил, ошондой эле эки өлкөнүн 50дөй компаниясынын өкүлдөрү катышты.

Иш-чарада Адылбек Касымалиев президент Садыр Жапаровдун жакында болгон иш сапарынан кийин кыргыз-сауд мамилелеринин өнүгүүсүндөгү жаңы этаптын маанилүүлүгүн айтты. Ошондой эле Кыргыз-сауд ишкерлер кеңешинин түзүлүшү эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө жасалган олуттуу кадам экендигин белгиледи.

Маалыматтар боюнча, Кыргызстан менен Сауд Арабиянын ортосундагы соода жүгүртүү 2023-жылы 1,4 млн долларды түздү, бул экономикалык байланыштардын динамикалуу өнүгүп жатканын айгинелейт.

Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев Кыргызстандын бизнес-коомчулугу бул мамилелерди кеңейтүү жана тереңдетүү боюнча жигердүү иш алып барып жатканына токтолду.

Өзгөчө көңүл Сауд Арабиянын мегадолбооруна – Неом шаарын курууга бурулду, ал учурдун эң дымактуу долбоорлорунун бири.

Темир Сариев белгилегендей, бул долбоор өзгөчө Ысык-Көлдөгү Асман шаарын куруу сыяктуу долбоордун алкагында кыргыз компанияларынын кызматташуусуна кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Ири долбоорлорду ишке ашырууда чоң тажрыйбасы бар кыргызстандык курулуш компаниялары Неомдун өнүгүшүнө салым кошууга даяр.

Ошондой эле саудиялык ишкерлердин көңүлүн бурган келечектүү долбоорлор, атап айтканда, энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү жана Перс булуңуна чыгуучу Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол линиясы да талкууланды.

Ишкерлер кеңешинин алкагында министрликтер менен ведомстволор, бизнес чөйрөнүн өкүлдөрү өз долбоорлорун сунушташты. Алдыда саудиялык ишкерлер Кыргызстандын бир катар ишканаларын кыдырууну пландап жатышканы белгилүү болду.

Пикир

Оставить комментарий