• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте «Кыргыз тили жана Айтматов ааламы» үч айлыгы жыйынтыкталды

Коом 0

Бишкек, 25.01.24. /Кабар/. Бишкектеги «Таберик» концертик залында «Кыргыз тили жана Чыңгыз Айтматов ааламы» аталышындагы үч айлыктын алкагында өткөрүлгөн иш-чаралардын жыйынтоочу салтанаттуу сыйлоо аземи өттү.

Иш-чарага мэриянын Билим берүү департаментинин директору Рахат Мусаева, райондук билим берүү башкармалыктардын жетекчилери жана мугалимдер, окуучулар катышты.

Иш-чарада үч ай бою билим берүү мекемелеринде Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде өткөрүлгөн ар түрдүү иш-чаралардын, кароо-сынактардын жеңүүчүлөрү грамота жана баалуу белектер менен сыйланышты.

Белгилей кетсек, үч айлыктын алкагында «Мыкты кыргыз тили жана адабияты кабинети», «Мыкты кыргыз тили кабинети» номинацияларында кароо-сынактар өткөрүлгөн. Андан сырткары, «Дилгир» поэтикалык кароо-сынагы, «Кыргыз тилин сүйөмүн» көркөм окуу кароо-сынагы, «Адамзаттын мугалими Айтматов – Дүйшөн жана мен» дил баян сынагы, «Айтматов ааламы» илимий изилдөө кароо-сынагы, «Мыкты видео-ролик» жана «Каармандар сүйлөйт» кароо-сынактары жана Айтматовдун чыгармаларынын негизинде КВН уюштурулган.

Пикир

Оставить комментарий