• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Бишкекте Кыргыз-Венгер стратегиялык кеңешинин IV жыйыны башталды

Саясат 0

Бишкек, 19.09.24./Кабар/. Бишкекте Кыргыз-Венгер стратегиялык кеңешинин IV жыйыны башталды.

Жыйынга Кыргызстан менен Венгриянын тышкы иштер министрлери Жээнбек Кулубаев менен Петер Сийярто катышууда.

Анда тараптар Кыргызстан менен Венгриянын эки тараптуу алакасынын келечегин жана экономикалык кызматташтыгын талкуулайт.

Буга чейин ТИМ башчылары тар курамда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.

Эскерте кетсек, Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийярто бүгүн, 19-сентябрда Кыргызстанга расмий сапар менен келди.

Пикир

Оставить комментарий