• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Бишкекте Кыргыз-Венгер стратегиялык кеңешинин IV жыйыны өттү

Саясат 0

Бишкек, 19.09.24. /Кабар/. Бишкекте Кыргыз-Венгер стратегиялык кеңешинин төртүнчү жыйыны өттү. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Жыйын Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийяртонун төрагалыгынын астында өттү. Анда эки тараптуу саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу маселелери талкууланды.

Стратегиялык кеңештин жыйынынын күн тартибине ылайык, Кыргызстан менен Венгриянын тышкы иштер министрлери эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты. Анын ичинде жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу, парламенттер аралык байланыштарды чыңдоо маселелери талкууланды.

Тараптар ошондой эле Кыргыз-Венгер өнүктүрүү фондунун жана эки өлкөнүн ортосундагы Экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын ишмердүүлүгүн карап чыгышты. Өзгөчө көңүл Кыргызстанда биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга, ошондой эле “жашыл” долбоорлорго, айыл чарба тармагына жана транспортко венгердик инвестицияларды тартууга бурулду.

Тышкы иштер министрлигинин башчылары ошондой эле БУУ, ЕККУ, ТМУ жана башка эл аралык уюмдардын алкагында кызматташууну талкуулашып, эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашышты.

Стратегиялык кеңештин жыйынынын жыйынтыгында тараптар тиешелүү протоколго кол коюшту.

Пикир

Оставить комментарий