• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте “Кыргызстан-2017” 19-Эл аралык көргөзмө-жармаңкеси өтүп жатат

Коом 0

Бишкек, 20-апрель /Роман Гайнанов - Кабар/. Бүгүн Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт институтунун манежинде “Кыргызстан-2017” 19-Эл аралык көргөзмө-жармаңкеси башталды.

20-24-апрелде көргөзмөнүн катышуучулары адистерге жана көргөзмөнүн катышуучуларына экономиканын ар кыл тармактарындагы жетишкендиктерди, натыйжаларды, жаңы технологияларды, товарларды жана тейлөө кызматтарын тааныштырышат.

Бул көргөзмө-жармаңке атамекендик ишканалар ар түрдүү товарлардын кеңири ассортиментин чыгарып, калктын керектөөлөрүн камсыздап жатканын көрсөтөт. Көргөзмөгө кондитердик азыктар, колбаса жана эт азыктары, фармацевтикалык жана косметикалык дары-дармектер, тиричилик техникасы, текстиль, кийим-кече, чарба буюмдары жана тиричилик химиясынын заттары, бал жана нан продукциялары, спирттик жана алкоголсуз ичимдиктер, минералдык суу, чай жана башкалар коюлган. Ошондой эле, бардык түрдөгү лифттерди өндүрүүчүлөр, каржылык кызмат көрсөткөн компаниялар, рециклинг ассоциациялары катышууда.

Машина таануу институту жана КР Улуттук илимдер академиясынын Технология паркы сыяктуу уюмдардын катышуусу атамекендик илимий-техникалык өнүгүүдө инновация жана технологияларды көрсөтүүнү шарттайт.

Россия, Өзбекстан, Казакстан, Кытай жана Түркиянын экспоненттери активдүү катышууда.

«Кыргызстан-2017» көргөзмө-жармаңкеси 20-24-апрелде күн сайын 10:00-18:00дө өтөт.

Пикир

Оставить комментарий