• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Бишкекте “Кыргызстан-Кытай” достук коому” коомдук бирикмесинин ачылыш аземи өттү

Коом 0

Бишкек, 10.09.24. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте “Кыргызстан-Кытай” достук коому” коомдук бирикмесинин салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь катышты.

Адылбек Касымалиев өз сөзүндө Кыргызстан менен Кытай стратегиялык өнөктөш экендигин жана социалдык-экономикалык тыгыз алакалар байланыштырып турарын белгиледи.

“Биздин кытай тарап менен товар жүгүртүүбүз чоң көлөмдү түзөт. Кытай биздин стартегиялык өнөктөшүбүз жана союздашыбыз. Президент Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасына иш сапары менен барганда Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда кызматташуу боюнча бир катар документтерге кол коюлган. “Кыргызстан-Кытай” достук коому” экономикалык жана социалдык чөйрөдө болгон байланыштарды тереңдетип, маданият, спорт, билим берүү жана башка тармактардагы алакаларды өнүктүрөт деп ишенем”, - деди министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары.

Коомдук бирикменин президенти Медетбек Букуевдин айтымында, алар Юстиция министрлигинен 4-5 ай мурда расмий каттоодон өткөн.

“Бүгүн расмий түрдө эшигин ачкан биздин бирикме Кыргызстан менен Кытайдын мамлекеттик органдарынын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого жана өнүктүрүүгө көмөк көрсөтөт. Кытай Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү болуп саналгандыктан, биз кызматташуунун бардык багыттары боюнча тыгыз кызматташабыз. Ал эми биз уюмдун түзүлүшүнүн аркасы менен эки өлкөнүн ортосундагы ишкердик байланыштарды мындан ары тереңдетүүгө аракет кылабыз”, - деди ал.

Букуев белгиленгендей, уюм саясаттан тышкары болуп, инвестиция тартуу, эки тарапка тең пайдалуу шарттарда жаңы долбоорлорду түзүү боюнча иштерди жүргүзөт. Ошондой эле маданият, билим, спорт жана социалдык-экономикалык тармактардагы кыргыз-кытай кызматташтыгын өнүктүрөт.

"Кытай бардык тармактарда тездик менен өнүгүп жаткандыктан, лидер экени баарыбызга маалым. Эң башкысы Кытайдын бүткүл адамзаттын өнүгүүсүнө багытталган саясаты бизди кубандырат. Биздин компания эки мамлекеттин тең кызыкчылыгы үчүн ишмердүүлүк кылат деп ишенем”, - деди Медетбек Букуев.

Пикир

Оставить комментарий