• 84.55
  • 93.78
  • 0.94

Бишкекте Кыргызстан менен Япониянын футзал курамалары жолдоштук беттеш өткөрөт

Спорт 0

Бишкек, 28.08.24. /Кабар/. Бишкек шаарында Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курамасы Япониянын курама командасына каршы эки жолдоштук беттеш өткөрөт.

Кыргыз футбол биримдигинен маалымдашкандай, оюндар 20 жана 22-сентябрь күндөрү борбор калаадагы "Газпром" спорт комплексинде өтөт.

Эске салсак, Таиландда болуп өткөн Азия Кубогунун "С" тайпасындагы оюндарында Кыргызстандын курамасы ошол кездеги континенталдык чемпион — Япониянын курамасын 3-2 эсебинде жеңип алган болчу.

Белгиленгендей, билеттер тууралуу маалымат жана оюндардын убактысы кошумча жарыяланат.

Пикир

Оставить комментарий