• 87
  • 90.41
  • 0.84

Бишкекте Кыргызстан менен Казакстандын маданият министрлери жолукту

Маданият 0

Бишкек, 10.03.21. /Кабар/. Бүгүн, 10-мартта Алыкул Осмонов атындагы кыргыз Улуттук китепканасында Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев жана Казакстан Республикасынын маданият жана спорт министри Актоты Раимкулованын эки тараптуу жолугушуусу болду.

Маданият министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, анда кыргыз-казак мамилелери, маданий-гуманитардык жана спорт тармагындагы кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.

Жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаты Гүлшат Асылбаева, Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Кайрат Нурпеисов, Казакстандык манасчы Баянгали Алимжанов жана эми мамлекеттин маданият тармагынын жетекчилери жана ири өкүлдөрү да катышты.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Кайрат Иманалиев Казакстан мамлекетинин ортосундагы маданий кызматташтыкты бекемдөө, мамлекеттер ортосундагы алаканын негизги көпүрөсү маданият экендигин баса белгилеп, бул багытта биринчи кезекте ишке ашыра турган долбоорлор тууралуу пикирин билдирди.

Ошондой эле кесиптештерге кызматташуунун бардык деңгээлинде иш алып барууга кызыктар экендигин кошумчалап, меймандарга чыгармачылык ийгилик каалады.

Ал эми Казакстан Республикасынын маданият жана спорт министри Актоты Раимкулова маданий жана спорт багыты боюнча кызматташууга даяр экендигин жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыктар экендигин белгилеп, ыраазычылык билдирди.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Маданият маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Кыргыззстандын президентинин Казакстан Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Казакстан Республикасынын Маданият жана спорт министрлиги ортосунда улуттук спорттун түрлөрүн жана элдик оюндарды өнүктүрүү жөнүндө макулдашуусу Нур-Султан шаарында кол коюлуп, бир катар маданий иш- чараларды биргеликте өткөрүү макулдашылган болчу.

Жалпы талкуунун жүрүшүндө биргелешкен көркөм тасма тартуу, театр гастролдорун өткөрүү, маданият форумдарын уюштуруу, Казакстандын Кыргызстандагы жана Кыргызстандын Казакстандагы маданият күндөрүн, эки тараптуу “Сармерден” долбоорун ишке ашыруу жана башка маселелер да талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий