Бишкек, 23.12.24. /Кабар/. 18-19-декабрда Түркиянын Ички иштер министрлигин делегациясы иш сапар менен Бишкекке келди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Иш сапарынын алкагында Кыргызстан менен Түркиянын Ички иштер министрликтеринин биргелешкен экинчи жыйыны өттү.
КР ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев Түркия Ички иштер министрлигинин делегациясы менен жолугушууларды өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Түркиянын Ички иштер министрликтеринин эки тараптуу кызматташтыктары боюнча маселелер талкууланды.
Пикир
Оставить комментарий