Бишкекте Кыргызстан менен Өзбекстандын тышкы иштер министрлери жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 06.07.19. Бүгүн, 6-июль күнү Бишкекте Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камиловдун жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Жолугушууда кыргыз-өзбек кызматташтыгынын саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү, ошондой эле ушул жылга пландаштырылган эки тараптуу иш-чараларды уюштуруп, өткөрүүнүн актуалдуу маселелери каралган.

"Тараптар эки мамлекеттин башчыларынын деңгээлинде мындан мурда жетишилген макулдашуулардын ишке ашырылышынын жүрүшүн талкуулап, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы достук, ынак коңшулук жана стратегиялык өнөктөштүктүн негизинде өз ара пайдалуу мамилелерди андан ары кеңейтүү жана тереңдетүү максатында биргелешип иш алып барууга бекем ниетин билдиришти", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Камилов Кыргызстанга Европа биримдиги - Борбор Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин жолугушуусуна катышуу үчүн келген.

Пикир

Оставить комментарий