Бишкекте Кыргызстан жаштар кыймылынын алгачкы курултайы өттү

Коом 0

Бишкек, 09.06.24. /Кабар/. Күн мурун Бишкекте Кыргызстан жаштар кыймылынын алгачкы курултайы өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган и ш-чара КР “Жаштар жөнүндө” мыйзамын жана министрлер кабинетинин тиешелүү токтомун ишке ашыруу максатында уюштурулду.

Иш-чара И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында өтүп, ага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов катышты.

Эдил Байсалов жаштарды куттуктап, учурда Кыргызстан жаштарынын саны жалпы калктын санынын дээрлик 35 пайызын түзөрүн белгиледи.

"Кыймылга мүчө болгон жарандык активдүүлүк аркылуу силер биринчиден, коомго, мамлекетке пайда келтире аласыңар, экинчиден, өзүңөрдү, дараметиңерди да көрсөтөсүнөр. Биз ачык жана акыйкат атаандаштыкта өнүккөн коомду куруу багытында бара жатабыз, бул процессте кийин мамлекет үчүн жоопкерчиликти ала турган абсолюттук жөндөмдүү кадрлар өзүнөн-өзү иргелип калат", - деди ал.

Ал эми Маданият министринин жаштар саясаты тармагы боюнча орун басары Марат Тагаев Жаштар кыймылын түзүү былтыр президент Садыр Жапаров кол койгон “Жаштар жөнүндө” мыйзамда көрсөтүлгөнүн айтып, анын максаты менен кенири тааныштырып өттү.

Кыймылдын негизги максаты – билимдүү, руханий жана интеллектуалдык жактан өнүккөн, заманбап, кыймыл-аракети, жүрүм-туруму менен үлгү болгон, тышкы таасирлерге жана псевдомассалык маданиятка туруштук бере алган сергек, эстүү жаштарды тарбиялоо экенин белгилеп, өзгөчө жаштардын ар кандай идеологиялык коркунучтарга, атап айтканда, диний экстремизмге, терроризмге, “массалык псевдомаданиятка”, саясий нигилизмге жана башка бизге жат идеяларга каршы күчтүү иммунитетин калыптандыруу экендигин билдирди.

Иш-чаранын жүрүшүндө кыймылдын презентациясы сунушталды, эсептөө комиссиясы, курултайдын кеңеши бекитилип, андан сон эсептөө палатасы жана курултайдын кеңешинин протоколу тааныштырылып, Кыргызстан жаштар кыймылынын төрагасы шайланды.

Максаты - жалпы максаттарга жетүү үчүн жаштарды бириктирүү, инсанды өнүктүрүү жана коомдук турмушка активдүү катышуу, жаштардын өзүн-өзү өнүктүрүүгө, кесиптик жактан өсүүгө жана өз потенциалын ишке ашырууга умтулуусун колдоо.

Курултайга өлкөнүн коомдук жана маданий турмушуна активдүү катышууга кызыкдар 18 жаштан 35 жашка чейинки 200 ашык жаштар чогулду.

Пикир

Оставить комментарий