• 84.7
  • 92.91
  • 0.89

Бишкекте «Кыргызстанда саламаттык сактоо жумалыгы» форумунун салтанаттуу ачылышы өттү

Коом 0

Бишкек, 30.03.21. /Кабар/. Бүгүн, 30-мартта эки эл аралык адистештирилген MedExpo Kyrgyzstan 2021 жана Dental-Expo Kyrgyzstan 2021 көргөзмөлөрүн бир аянтчага бириктирген «Кыргызстанда саламаттык сактоо жумалыгы» аттуу 15-Эл аралык конгресстик көргөзмө форумунун салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, форум КР өкмөтү, Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги, Бишкек шаарынын мэриясы, Инвестицияларды илгерлетүү жана коргоо боюнча мамлекеттик агенттиги, Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары-дармектер жана медициналык буюмдар департаменти, Кыргыз мамлекеттик медициналык кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институту тарабынан адистештирилген бирикмелердин расмий колдоосунун астында уюштурулган.

Салтанаттуу ачылыш саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаевдин катышуусунда өттү.

Жыл сайын өткөрүлүүчү Эл аралык адистештирилген MedExpo Kyrgyzstan көргөзмөсү Борбордук Азиядагы беш ири көргөзмөнүн катарына кирет.

1-апрелге чейин созулган «Кыргыз Республикасында саламаттык сактоо жумалыгы» форуму саламаттык сактоо кызматкерлерин, мамлекеттик органдардын, ишкер чөйрөлөрдүн жана коомчулуктун өкүлдөрүн бириктирип, сапаттуу жана натыйжалуу социалдык маанилүү көйгөйлөрдү, өлкөнүн саламаттык сактоо тутумунун иштешин талкулоого, тажрыйба алмашуу, акыркы ата мекендик жана чет өлкөлүк өнүгүүлөр менен таанышуу. Экспозициялардагы жолугушуулар жана сүйлөшүүлөр өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтип, ишкердик байланыштарды жана келишимдерди түзүүгө, ой-пикирлерди жана жаңы технологияларды алмашууга, тармактын адистери менен актуалдуу темаларды талкуулоого мүмкүндүк берет.

«Бүгүнкү күндө адам өмүрүн коргоо мамлекет үчүн алдыңкы орунда турат. Дүйнө өлкөлөрүнүн COVID-19га каршы туруусуна медицина кызматкерлеринин, илимпоздордун жана мамлекеттик органдардын эбегейсиз зор иш-аракеттеринин аркасында саламаттык сактоо тармагынын өнүгүшү, медицина тармагындагы илимий жетишкендиктер жана технологиялык ийгиликтер шарт түзүүдө", - деди Жалалдин Рахматуллаев.

Быйыл биргелешкен көргөзмөгө 11 мамлекеттен 70тен ашуун компаниялар катышкан көргөзмөнүн өнөктөш өлкөсү – Өзбекстан. Көргөзмөдө медицина жана стоматология жаатында Өзбекстандын 10дон ашык өндүрүүчүлөрүнүн жана дистрибьюторлорунун жамааттык экспозициясы көрсөтүлүүдө. Көргөзмөнүн катышуучуларынын географиясын 120 ири өндүрүш ишканаларынын расмий өкүлдөрү болгон кыргыз компанияларынын катышуусу толуктайт.

Көргөзмөнүн алкагында Кыргызстанда жасалган медициналык жабдуулардын, медицина багытындагы буюмдардын жана фармацевтикалык продукциялардын презентациясы өтүүдө. Ошондой эле форумдун алкагында тамактануу, диетология жана реанимация жаатындагы Кыргызстандын алдыңкы адистеринин жана Өзбекстандын эксперттеринин стоматология жана эндодонтика жаатындагы адистеринин семинарлары өтөт.

Пикир

Оставить комментарий