• 87
  • 90.41
  • 0.84

Бишкекте “Кыргызстандагы балдардын тарыхый жолу” аттуу көргөзмө ачылды

Коом 0

Бишкек, 21.11.24. /Кабар/. Бишкекте Кыргызстандын Балдардын укуктары боюнча конвенциянын ратификацияланышынын 30 жылдыгына арналган “Кыргызстандагы балдардын тарыхый жолу” аттуу көргөзмө ачылды.

Көргөзмөнү Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева көрүп чыкты.

Көргөзмөдө өткөн кылымдагы Кыргызстандагы балдардын жашоосундагы өзгөрүүлөрдү чагылдырган фото-видео материалдар, графикалык иштер жана архивдик документтер, анын ичинде 1994-жылдын 12-январында Конвенцияны ратификациялоо боюнча тарыхый текст коюлган. Көргөзмө балдардын жашоосунун негизги аспектилерин камтыды: үй-бүлө, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана балалык жөнүндө маданий идеялар.

Иш-чаранын алкагында Конвенцияга кошулуунун 30 жылдыгына арналган «Балдардын укуктары күн сайын» эссе сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды.

Асел Чынбаева өз сөзүндө Кыргызстанда балдардын мыкты өнүгүшүн камсыздоо үчүн мамлекеттин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук уюмдардын жана эл аралык өнөктөштөрдүн күч-аракетин бириктирүү зарылдыгын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий