Бишкекте Кыргызстандын аскер оркестрлеринин концерти өтөт

Маданият 0

Бишкек, 28.05.24. /Кабар/. Бишкектеги Турдакун Усубалиев атындагы аянтта эртең, 29-майда "Мекен артык өмүрдөн" аттуу концерт өтөт.

Бишкек мэриясынан билдиришкендей, иш-чара Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана КР Куралдуу күчтөрүнүн күнүнө карата уюштурулууда.

Концертке Коргоо министрлигинин солисттери жана оркестри катышып, патриоттук ырларды жана КР Куралдуу күчтөрүнүн салттарын чагылдырган чыгармаларды аткарышат.

Белгилей кетсек, Бишкектеги иш-чара аяктагандан кийин Коргоо министрлигинин чыгармачыл тобу өлкөнүн түштүгүндө өз чыгармаларын тартуулайт.

Ошентип, концерттер:
- 1-июнда Баткен шаарында;
- 3-июнда Жалал-Абадда;
- 5-июнь күнү Ош шаарында өтөт.

Буга чейин концерт Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарында өткөрүлгөн.

Коргоо министрлиги Бишкек шаарынын бардык тургундарын жана конокторун концертке келүүгө жана таланттуу артисттердин жагымдуу чыгармаларынан ырахат алууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий