• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Бишкекте Кыргызстандын биологиялык коопсуздугу талкууланды

Коом 0

Бишкек, 09.07.24. /Кабар/. Бишкекте Кыргызстандын биологиялык коопсуздугу талкууланды. Иш-чара “Ой Ордо” эксперттик демилгелер борбору тарабынан өткөрүлдү. Анда Жогорку Кеңеште биринчи окуудан өткөн мыйзам долбоору боюнча сөз жүрдү.

Республикалык карантиндик жана өзгөчө кооптуу инфекциялар борборунун директорунун орун басары Нурболот Үсөнбаев билдиргендей, мыйзам долбоору биологиялык коопсуздукту камсыз кылуунун негизги милдеттерин жана принциптерин аныктайт, ошондой эле эл аралык укуктук жөнгө салуу чараларын камтыйт. Бул мыйзам биологиялык коопсуздукту камсыз кылуу үчүн укуктук боштукту толтурат, анткени Кыргызстанда азыр мындай мыйзам жок.

“Бизде микроорганизмдер менен иштеген 200гө жакын биологиялык лабораториялар, медициналык, ветеринардык лабораториялар бар, эми алардын ишин тартипке келтиребиз. Патогендик микроорганизмдердин мамлекеттик коллекцияларын талаптагыдай сактоо үчүн шарттарды түзөбүз”, - деди ал.

Ал ошондой эле өткөн жылдын октябрь айында жогорку деңгээлде Кыргызстан менен Россиянын ортосунда биологиялык коопсуздукту камсыздоо боюнча меморандумга кол коюлганын да кошумчалады.

Жогорку Кеңештин төрагасына караштуу Климаттын өзгөрүүсүнүн шарттарында туруктуу өнүктүрүү кеңешинин катчылыгынын жетекчиси Кулира Кубатова “Кыргызстандагы биологиялык коопсуздук жөнүндө” мыйзам долбоорун эл өкүлдөрү Камила Талиева жана Динара Ашимова тарабынан демилгеленгенин айтты.

"Биологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жөнүндө мыйзам долбоору Кыргызстанда биологиялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү укуктук ченемдерди белгилейт, ошондой эле биологиялык агенттердин жана жаратылыш чөйрөсүнүн таасиринин мүмкүн болуучу жагымсыз кесепеттеринен калкты жана айлана-чөйрөнү коргоонун тийиштүү деңгээлине мамлекеттик кепилдиктерди белгилейт”, - деди Кубатова.

Эске салсак, "Биологиялык коопсуздук жөнүндө" мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште биринчи окууда кабыл алынган.

Мыйзам долбоору Кыргызстандын биологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча эл аралык милдеттенмелерин ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.

Ошондой эле мыйзам долбоорунда адамдардын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө потенциалдуу коркунучтун даражасына жараша патогендик биологиялык агенттердин коркунучтуу топтору жана биологиялык коопсуздукту камсыз кылууда тыюу салуу чаралары бар.

Пикир

Оставить комментарий