• 87
  • 90.41
  • 0.84

Бишкекте “Кыргызстандын туруктуу энергетикага өтүүсү: тоскоолдуктар жана чечүү жолдору” улуттук форуму башталды

Коом 0

Бишкек, 10.02.22. /Кабар/. Бишкекте бүгүн, 10-февралда “Кыргызстандын туруктуу энергетикага өтүүсү: тоскоолдуктар жана чечүү жолдору” улуттук форуму башталды.

Форумдун жүрүшүндө катышуучулар кайра калыбына келүүчү энергия булактарынын учурдагы абалы, анын ичинде Кыргызстандын бул секторун өнүктүрүүнүн негизги көйгөйлөрүн жана перспективаларын талкуулашат.

Иш-чаранын өтүшү Кыргызстандын жана чет элдик рыноктун катышуучуларын, тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун, эл аралык донордук уюмдардын жана кайра калыбына келүүчү энергия тармагында долбоорлорду иштеп чыгуучу компаниялардын өкүлдөрүн бириктирүү аркылуу энергиянын кайра жаралуучу булактары рыногун өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө мүмкүнчүлүктөрдү ача алат.

Энергетика министринин орун басары Тилек Айталиевдин айтымында, форум кайра калыбына келүүчү энергия тармагынын кийинки саясатын аныктоого жардам берет.

Айталиев бул тармакта иштеген адамдарда бардык шарттар түзүлүп берилиши керектигин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий