Бишкекте Кыргызстандын жапайы жаратылышын коргоонун жаңы мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

Коом 0

Бишкек, 23-май /Кабар/. Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын Түштүк бөлүмүнүн төрагасы, академик Биймырза Токторалиев Швейцариялык кесиптеши, физикалык географияны жана климатты изилдөөчү (Zoï Environment Network эла аралык коммерциялык эмес уюму) Виктор Новиков менен жолукту. Анда жапайы жаратылышты коргоонун стандартына ылайык, био ар түрдүүлүктөр жайгашкан жерлерди карталаштыруу менен жаратылышты колдонууда келтирилген зыяндарды азайтуунун жолдору талкууланды.

“Буга чейин Б.Токторалиев башында турган эксперттердин тобу өнөктөш уюмдун өкүлдөрү менен биргеликте 2016-жылдын июнунан декабрына чейин био ар түрдүүлүктү сактап калуунун планына кирген регионалдык жана глобалдык мааниге ээ аймактарды (жалпы Кыргызстан боюнча) аныктоого багытталган алдын-ала масштабдуу иштерди жүргүзүшкөн”, - деп айтылат УИА басма сөз кызматынын билдирүүсүндө.

“Эл аралык үлгүдөгү мындай карталаштырууну ишке ашыруу тоолуу экосистеманы жана андагы өсүмдүктөр менен жаныбарларды тереңден изилдеген дүйнө жүзүндөгү бардык окумуштуулардын көңүлүн гана бурбастан, биздин эндемиялык түрлөргө бай өлкөбүздүн коруктарын коргоонун жаңы ыкмасына жол ачат” – деп белгилейт окумуштуу.

Жолугушуунун жүрүшүндө кесиптештер мындан-ары дагы УИАнын окумуштуулары, чет өлкөлүк окумуштуулар жана эл аралык жаратылышты коргоочу уюмдары менен кызматташуу ниети бар экендигин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий